874 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. 16-январдагы маалымат

Азыркы тапта 836 бейтап ооруканада, ал эми 3 562 киши үйүнөн дарыланып жатат деп айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Өткөн суткада 874 адамдан коронавирус табылып, 108 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 670;
Ош шаары – 27;
Чүй облусу – 69;
Ош облусу – 12;
Талас облусу – 22;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 41;
Баткен облусу – 21.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 189 687ге жетти. Анын ичинен 180 970 бейтап айыккан. Бүгүнкү күндө республика боюнча 836 бейтап ооруканада, ал эми 3 562 киши үйүнөн дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 279 бейтаптын абалы оор болсо, 49 кишиники өтө оор деп бааланды. Тилекке каршы, өткөн суткада Бишкекте эки бейтап көз жумган. Алардын вакцина албаганы айтылды.
Эндокринолог адам COVID-19дан кийин эмнеге толуп кетерин түшүндүрдү
COVID-19га каршы эмдөө ымыркайларга кандай таасир этери айтылды