Чарчап, демигип жата калган илбирс. Казакстанда тартылган видео

Автоунаа жакындап келгенде жырткыч токтоп калган. Видеодон чуркай берип демигип калган илбирс коргонгон тейде адамдарды тик карап, чакыргандарды көздөй басып келе жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Алматы облусунда эки эркек кишинин ээн талаада илбирсти автоунаа менен кубалаган видеосу тарагандыгын Sputnik Казакстан жазды.
Кадрдан жырткычтын жолдон бир топ эле алыс кетип бара жаткандыгын көрүүгө болот.
Жарыяланган видеого караганда, кишилердин бири аны камерага тартып, экинчиси рулда бараткан. Автоунаачандар артынан кууп жөнөгөндө илбирс күчүнүн болушунча качкан. Кишилер капталдай чыгып, акыры артынан кууп жеткен. Алардын жакындап келгендигин көргөн жырткыч эки бутун алдыга созуп, адамдарды тике карап, комдонгон тейде жатып калган. Видеодон чарчап калгандыктан анын оор, энтиге дем алып жаткандыгын көрүүгө болот.
Кишилердин бири илбирсти чакырганда ал ордунан туруп, беркилерди көздөй тике карап басып келе жатканда кооптонгон адамдар автоунаанын эшигин жаба коюшкан.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча консультант Сакен Дилдахмет бул жакында эле Алматы облусуна караштуу Алтын-Эмель жаратылыш коругунан кездешкен барс экендигин айтып берди.
Себеби буга чейин да социалдык тармакта дал ушундай илбирстин талаада качып бара жаткан видеосу тараган. Анда жырткычтка коруктун кызматкерлери анын кайда жүргөндүгүн көзөмөлдөп туруу үчүн каргы кийгизип, андан соң кое беришкени айтылат.
Томпоңдоп чуркап, жыт алып качкан бала аюу. Сары-Чат—Ээр-Таштан тартылган видео