Өзбекстан Казакстан менен чек арасын убактылуу жапты

Чек арада чектөө коронавирустун жаңы штаммынан улам киргизилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. 15-январдан тарта Өзбекстан Казакстан менен чек арасын жаап, эки өлкө жарандарын чек арадан өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып Sputnik Казакстан жазды.
Маалым болгондой, мындай чаралар өлкөгө "омикрон" штаммын киргизбөө максатында жасалган.
"Аба каттамдары жүрө берет", — деп жазылат маалыматта.
Чек арадан мекенге кайткан Өзбекстандын, Казакстандын жарандары, өкмөттөр аралык байланыш кызматкерлери, эл аралык жүк ташыган айдоочулар, атайын (өкмөт) делегация өкүлдөрү, дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү, дарылануу үчүн бара жаткандар өтө алары жазылган.
Казакстан өлкөгө кирүү үчүн жаңы эреже кабыл алды