БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Коронавирустун организмге кыйыр таасирлери абдан көп. Алардын бири салмактын кескин өзгөрүшү. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде эндокринолог, медицина илимдеринин кандидаты Юрий Потешкин айтып берди.
Адистин пикиринде, инфекциялык ооруга чалдыккан кезде адамдын тамакка табити тартпай калат. Андыктан аз жеп, салмагы түшөт. Дарыгер бул учурда көп кабатырланбай, энергия жетиштүү болушу үчүн белокко бай азыктар менен тамактанууну сунуштайт.
Ошондой эле аз убакытта тез эле толуп кеткен дагы учурлар болот.
"Коронавирус адатта башка инфекциялык ооруларга караганда узагыраак созулат. Бул аралыкта адам жатат, көп кыймылдабайт. Ошондой эле өз көңүлүн көтөрүү үчүн таттуу тамактарды жейт", — деди дарыгер.
Потешкин ашык салмак эч качан пайда алып келбесин эске салып, тез арада мурдагы формага кайтуу жолдорун айтып берди.
Адистин пикиринде, арыктоо үчүн COVID-19дан кийинки реабилитация учурунда эле акырындан кыймылды көбөйтүү керек. Ошондой эле тамакты ылгап жеген оң.
Маалыматка караганда, организм коронавирустан кийин калыбына жарым жылдын ичинде келет.