Канаттуу сүрөтчүлөр. Чымчыктар жараткан ойго келбеген 10 көрүнүш

Жыл сайын кара чыйырчыктар миң сандап Чыгыш Европадан түштүктү көздөй жол тартат. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөгүнөн канаттуулардын илимде мурмурация деп аталган процессинен тартылган ирмемдерди тартуулайт.
Sputnik
Жылуу жактарга багыт алган куштар Израилдин үстүнөн өтөт. Арбыны Чыгыш Европа же Батыш Азия өлкөлөрүнөн келет. Бир бөлүгү Израилде кыштап калса, калганы андан ары канат кагып, жолун улайт.
Жыл сайын фотографтар чыйырчыктардын асмандагы топтошкон бийин тартып алышат. Сырттан караган адам канаттуулардын күтүлбөгөн элестерди жараткандыгына күбө болот. Алардын формасы, узундугу, туурасы ар кыл, көз талдырган кооздук, суктанарлык көрүнүш. Кызыгы, чымчыктар ылдамдыкта учуп, бир жерге тез топтолуп, кайра артка кайтып, шукшурула ылдый түшүп же жогору көздөй зыпылдаганда бири-бири менен кагылышпайт, бири-бирине урунуп албайт. Окумуштуулар канаттуулардын муну сырткы коркунучтан, жырткыч куштардан коргонуу аракети экенин да айтышат.
1 / 10

Жыл сайын кара чыйырчыктар миң сандап Чыгыш Европадан түштүктү көздөй жол тартат

2 / 10

Жылуу жактарга багыт алган куштар Израилдин үстүнөн өтөт

3 / 10

Канаттуулардын арбыны Чыгыш Европа же Батыш Азия өлкөлөрүнөн келет

4 / 10

Канаттуулардын бийинен улам асманда "тартылган" картина адамды суктантпай койбойт

5 / 10

Фотографтар жыл сайын канаттуулардын көз талдырган сонун сүрөттөрүн тартып алышат

6 / 10

Береги сүрөт адам кол менен тарткан картинага окшош. Жакшылап карабаган киши анын тирүү чымчыктардын "эмгеги" экендигин байкабашы мүмкүн.

7 / 10

Мурмурация учурунда чыйырчыктардын ылдамдыгы саатына 40 чакырымга жетет

8 / 10

Окумуштуулар канаттуулардын бул аракети сырткы кооптуулуктан, жырткыч куштардан коргонуусу экенин да айтышат

9 / 10

Көз айырбай тиктеп эле тура бергидей керемет көрүнүш!

10 / 10

Кызыгы, чымчыктар шукшурула ылдый түшүп же жогору көздөй зыпылдаганда бири-бири менен кагылышпайт, бири-бирине урунуп албайт

Тема боюнча:
Аюулардын "үлпөт тою", сейилге чыккан көпөлөк... Жаратылыштын укмуштуу 18 сүрөтү
Алматынын көчөсүндөгү өлүктөн тарта таңдагы бугуларга чейин. Апта ирмеми
Кыргыз элинин жүз жыл мурунку турмушу. Сейрек сүрөттөр