Кыргыз бийин жайылтуу жана тарыхын изилдөө боюнча фонд түзүлдү

Маданият министри мындай фонд алгачкылардан болуп түзүлүп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргыз улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо жана колдоо боюнча "Бий өнөрү" коомдук фонду негизделди. Анын ишмердүүлүгүнүн бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышканын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Кыргыз улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо жана колдоо боюнча "Бий өнөрү" коомдук фонду негизделди

2 / 3

Анын ишмердүүлүгүнүн бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышканын маалымат кызматы билдирди

3 / 3

Министр фонд түзүү аркылуу кыргыздын байыркы этно, элдик фольклор, совет доорундагы жана эгемендикти алгандан кийинки кыргыз бийлеринин тарыхы иликтенип, аны практикада колдонуу, ишке ашыруу, сактап калуу сыяктуу бир катар маанилүү жагдайларды белгилеген

Министр фонд түзүү аркылуу кыргыздын байыркы этно, элдик фольклор, совет доорундагы жана эгемендикти алгандан кийинки кыргыз бийлеринин тарыхы иликтенип, аны практикада колдонуу, ишке ашыруу, сактап калуу сыяктуу бир катар маанилүү жагдайларды белгилеген.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов
"Мындай фонд алгачкылардан болуп түзүлүп жатат. Бул кадам кыргыздын улуттук бий искусствосу жаатында ар кандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү менен биргеликте улуттук фольклорду өлкөдө жана чет жактарда чагылдыруунун заманбап формаларын иштеп чыгууну көздөйт", — деди Жаманкулов.
Демилгечилердин айтмында, "Бий-өнөр" фонду улуттук бий искусствосу жаатында заманбап, чыгармачыл жана инновациялык маданий долбоорлорду иштеп чыгат. Аны менен катар кыргыздын бий өнөрүн илимий жана философиялык алкактарда изилдөө, анализ жүргүзүү, тиешелүү материалдарды чогултуу жана даңазалоо менен алектенет.
Волкодавга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси жана 100 миң сом берилди. Сүрөт