БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб жаран эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу жасалма сертификат сатып алса кесепети кандай болорун түшүндүрдү.
Маалыматка караганда, учурда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында жасалма сертификаттар боюнча атайын комиссия түзүлдү. Ал эмдөөдөн өткүсү келбеген жарандарга документ берген медиктерди аныктап, жоопко тартат.
"Медицина кызматкери жумуштан кетирилиши дагы мүмкүн. Андан соң укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик жасалма сертификат алуу адамдын өзүнө гана эмес, анын жакындарына дагы зыянын тийгизерин билдирет. Анткени вакцина адамды коронавирустан, ошондой эле аны жуктуруп алган учурда өмүрү менен кош айтышып калуу коркунучунан сактайт.
Учурда Саламаттык сактоо министрлиги сертификатты сатуу жана сатып алууларды алдын алуу максатында медиктер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.