Коронавируска каршы эмделгендер сертификат менен QR-кодду кантип алса болот

"Эмделгендер реестри" маалыматтык системасы өлкө жарандары жана чет элдиктер үчүн жеткиликтүү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коронавирус инфекциясына каршы вакцина алгандар сертификат менен QR-кодду кантип алса болорун Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, "Эмделгендер реестри" маалыматтык системасында өлкө жарандары жана чет элдиктер үчүн COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө сертификат берүү боюнча модулу иштеп, QR-код берилет.
"Бул модуль саламаттык сактоо уюмдарында сертификат берүүгө жол ачат жана аралыктан маалымкат алууда кыйынчылыктарга туш болгондорго жеңилдик берет", — деп жазылган маалыматта. ⠀
Сертификат жана кодду төмөнкү шилтеме аркылуу алууга болот: Шилтеме менен киргенден кийин ID-картанын пин кодун жана номерин терүү керек.
Тумоолоп жатканда вакцина алса болобу? Адистин жообу