Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы ээлеген кызматтарынан бошотулду

Нурсултан Назарбаевдин күйөө балдарынын бири QazaqGaz улуттук компаниясын, экинчиси "КазТрансОйл" компаниясын башкарып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы жогорку кызматтардан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Кайрат Шарибаев QazaqGaz улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгынан четтетилди. Ал Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын жолдошу. Назарбаева учурда парламент депутаты.
QazaqGaz улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Кайрат Шарибаев. Архивдик сүрөт
58 жаштагы Кайрат Шарипбаев QazaqGaz ишканасын 2020-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келе жаткан.
Ошондой эле "КазТрансОйл" ишканасынын башкы директору Димаш Досанов ээлеген кызматынан бошотулду. Ал Наразбаевдин кенже кызы Алия Назарбаеванын жолдошу. Досанов бул кызматта 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Буга чейин Назарбаев өзү Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын президент Токаевге өткөрүп берген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
УКК Назарбаевдин иниси Самат Абиш кайда экенин айтты