Иса Ахунбаевдин кызы Нелли Ахунбаева: апама "бир күндө өлөбүз" дечү, айтканы келди

Sputnik редакциясы гениалдуу хирург Иса Ахунбаевдин кызы, медицина илимдеринин доктору, профессор, республиканын эмгек сиңирген врачы Нелли Ахунбаева менен маектешкен.
Sputnik
Ахунбаев Иса Коноевич 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөргөн. Ысык-Көлгө кайтып келгенден кийин 15 жашында партага отурган.
Иса Ахунбаев хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, СССР МИАнын корреспондент-мүчөсү , Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги жана туңгуч президенти болгон. Бир катар жогорку даражадагы сыйлыктардын ээси.
— Дарыгер болуу — бул талант. Адамды кыйнап окутууга, мажбурлап дарыгер кылуу мүмкүн эмес. Медицинага кызыгарыңызды качан түшүнүп, кайсы убакта кесип катары аркалоону чечтиңиз?
— Менимче, бала кезимде эле чечсем керек. Анткени медициналык атмосферада чоңойдум. Ата-энем экөө тең дарыгер эле. Атам иштеген клиниканын жанында чоңойдук. Ошондуктан анын ишине көп барчумун. Согуш мезгилинде да, андан кийин деле ооруканадан чыкпай иштеди. Кичинебизде дайыма тамак-ашын алып барып берчүбүз. Оорукананын жанында эле Мединституттун барак тамдары болор эле, ошол жерде жашачубуз. Оорукана менен үйдүн ортосун бир эле дубал бөлүп турчу. Атам клиниканын хирургия бөлүмүндө иштегендиктен хирургиянын босогосун аттаганымда санитаркалар, медайымдардын баары мени таанып, жылуу тосуп алышар эле. Ошондуктан хирург болууну бала кезимден самачумун. Атам менин медициналык окуу жайга тапшыруума каршы болгон жок, бирок "хирург болбой эле кой" дечү. Ал кезде аял хирургдар аз болчу, азыр деле көп эмес, анын үстүнө боюм кичинекей эле. Акыры көгөрүп Москвадагы Пирогов атындагы медициналык окуу жайга тапшырып хирург болдум. Анан жайкы каникулда атамдын клиникасынын хирургия бөлүмүндө иштечүмүн. Ошентип атама да, өзүмө да хирург боло аларымды далилдедим.
Нелли Ахунбаева: хирург болууну бала кезимден самачумун. Атам менин медициналык окуу жайга тапшыруума каршы болгон жок, бирок "хирург болбой эле кой" дечү.
— Бир туугандардан канчоо медицинага келди?
— Биз беш бир тууганбыз, анын ичинен үчөөбүз врач болдук. Эң кичүү иним да кардиохирург эле. Ал аспирантураны Москвадан бүтүп, жактап келген. Бардык жагынан келишкен, бейтабына жан-дили менен күйгөн мыкты дарыгер эле. Бейтаптары да аябай жакшы көрчү. Бирок кичүүбүз болгондуктанбы, абдан жумшак жана баарын жүрөгүнө жакын алчу. Ата-энебиздин өлүмү бизге деле катуу тийгени менен иним өтө оор кабылдады. Ошол себептен да эрте, 52 жашында эле жарык дүйнө менен кош айтышты өңдөнөт. Сиңдим да медициналык институтту бүткөн, дарыгерлик менен теориялык жактан алектенген микробиолог эле. Ал да ата-энем менен кошо жол кырсыгынан каза болуп калды. Эң кичүү сиңдим орус тили жана адабиятынан окутуучу, улуу байкемдин кесиби опералык режиссёр. Ал Кыргыз улуттук опера жана балет театрында башкы режиссёр болуп эмгектенген. Мыкты чыгармаларды сахналаштырган адам. Койгон эмгектерин дайыма келип көрчүбүз.
— Менин окуганым боюнча, сиздердин үй-бүлө искусствого жакын болуптур. Апаңыз ырдачу турбайбы?
— Ооба, апабыз абдан жакшы ырдачу. Атам экөө Ташкентте чогуу окуган. Апам музыка жагына кетүүнү каалаганда атам "мени же музыканы танда" деп каршы болуп коюптур. Бирок ал апамдын үнүн, ырдаганын жактырчу. Ошентип апам Медициналык институтту аяктаган. Терапевт болчу. Медициналык институттун терапия кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. Мүнөзү да ачык, мээримдүү аял эле. Биздин үйгө меймандар көп келчү. Апам да конок тосконду жакшы көрөр эле. Үйдө тапичке эмес тыкылдап туфли кийип жүрчү. Жаркылдап меймандарды тосуп, узатып, анан идиштердин баарын жууп, беш баланы уктатып, кийимдерин мектепке, бала бакчага дайындап, анан түнү менен лекциясын даярдачу. Ушундай жаны тынбаган эмгекчил жан болгон. Ата-энем адамдык сапаттары жагынан да, билим деңгээлинен да бири-бирин толуктаган мыкты түгөйлөр экен.
Атам ооруп калганда апам санаа тартып: "Оорубачы, эртерээк сакайып кетсең экен. Сен бирдеме болсоң, балдарды жалгыз кантип бутуна тургузам" десе, атам "кейибе, жалгыз калбайсың, экөөбүз бир күндө өлөбүз" деп коёр эле. Ушул сөзү эсимден кетпейт. Тагдыр экен, экөө чын эле бир күндө, бирдей кете беришти. Бул биз үчүн өтө оор трагедия болду. Көз ачып-жумганча беш кишини жоготтук. Атам, апам, эжем, жездем жана ошол кезде эжемдин беш айлык боюнда бар эле. Сөөктү жерге берүүдө шаардыктардын баары келишти. Эл да атамды жакшы көрчү.
Нелли Ахунбаева: биз беш бир тууганбыз. Ата-энем адамдык сапаттары жагынан да, билим деңгээлинен да бири-бирин толуктаган мыкты түгөйлөр экен
— Атаңыз Борбор Азияда биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган. Ошондой эле калкан бези боюнча бир нече ачылыштары бар. Ал кишинин арты менен йоддолгон туз ичүү керектиги аныкталган...
— Атам көп киши богок менен жабыркап операция болуп жатканын байкап, себебин иликтеп баштаган. Албетте, Кыргызстанда деңиз жок болгондуктан йод жетишпейт. Ошондуктан атам 1952-жылдан баштап бул көйгөйдү колго алды. Ал эми 1956-жылы йоддолгон туз боюнча маселе чечилген. Керек болсо калкка канча йод берүү керектигинен бери иликтеп чыккан. Мен ошол текшерүү экспедициясына катышып калдым. Жылына калктын канча пайызы богок менен ооругандыгын текшерип турчубуз. 1965-1967-жылдары оорунун саны 50 пайыздан беш пайызга азайды. Бул үчүн чоң иштер жасалды. Академияда лаборатория түзүлүп, аймактарды байма-бай текшерип турдук. Тилекке каршы, Иса Коноевич каза болгондон кийин эмнегедир бул көйгөйгө көңүл бурууну, өлкөдө тузду йоддогонду токтоттук. Буга чейин бир нече эндокринологиялык диспансерлер түзүлгөн. Азыр бир гана шаардык диспансерди калтырып коюшту. 1980-жылдары йод жетишсиздигинен оорунун саны 60 пайызга чыгып кеткен. Азыр андан да жогору.
Иса Коноевич бир гана муну менен эмес, өлкөдөгү дагы бир көйгөй эхинококкоз дарты менен да күрөшкөн. Ал кезде көчөдөгү жолбун иттерди убагында жоготуп, алар жокко эсе болчу. Азыр кээде шаардын борбордук көчөлөрүнөн көрүп коркосуң. Андай иттер эхинококкоз дартын таратуучу негизги булак болуп эсептелинет.
Москвада медицина жаатында эмне жаңылык кирсе, атам аны Кыргызстанга алып келүүгө аракеттенчү. 1950-60-жылдары алгачкылардан болуп боор резекциясын, кызыл өңгөчтүн пластикалык хирургиясын жасаган. Ал каза болгондон кийин бул операциялардын баары токтогон. Эми гана жанданууда.
Атам өлкөдө хирургиянын пайдубалын түптөөчүлөрдөн болуп саналат. Ал биринчилерден болуп ар кандай операцияларды ийгиликтүү ишке ашырып, биздеги эң алгачкы илимдин доктору, профессор, Илимдер академиясынын президенти, СССРдин Медициналык илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана Эл аралык хирургдар ассоциациясынын мүчөсү болду.
Нелли Ахунбаева: Москвада медицина жаатында эмне жаңылык кирсе, атам аны Кыргызстанга алып келүүгө аракеттенчү. 1950-60-жылдары алгачкылардан болуп боор резекциясын, кызыл өңгөчтүн пластикалык хирургиясын жасаган.
— Ушул даражага жеткен соң "жардам керек учурда операцияларга чакырып тургула" деп кызматта отуруп алса деле жарашат эле. Бирок ал ушунча ийгиликти багындырса да кайрадан Москвадан окуп келиптир...
— Кыргызстандагы кардиохирургияны өнүктүрүү керек болгон. Анткени өлкөдө жүрөгү ооруган бейтаптар көбөйүп кеткен. Ошол убакта Москвадагы белгилүү клиникаларда гана жүрөккө операция жасачу. Бейтаптар Москвага барып, мейманканадан орун алып, кезекке туруп, анан операцияны күтүшкөн. Буга көп каражат керектелип, кезеги келгиче эле айрымдар каза болуп калган. Бул маселе атамды аябай кабатырлантты. Ошол себептен кайрадан тажрыйба алып келүүгө туура келген. Апам да бул учурда атамды ар тараптан коргоп, бардык жагынан түшүнүп колдоп турчу. Экөө балдарына үлгү боло тургандай түгөйлөр эле.
Атам абдан чынчыл, билимдүү, түз сүйлөп, түз жүргөн киши болчу. Бизден да ошону талап кылчу. Студенттерге да лекция окучу, орусча бир аз акцент менен сүйлөгөндүктөн уялчу. Кээде менден "акцентим аябай байкалып турабы?" деп сурачу. Ошол себептен таң атпай туруп тилин жатыктырып, лекцияга аябай даярданар эле. Ошондуктан бизди "тил үйрөнсүн, билим алсын" деп кичинебизде үйгө көптөгөн мугалимдерди чакырып, чет тилдерин үйрөтчү. Андан тышкары музыкалык да билим алганбыз. Байкем да музыкалык аспаптарда өз алдынча ойночу. Улуу балдары Москвада окудук, ал эми кичүүлөрүн жанынан алыс чыгарган жок.
Комуздун кылы менен адамды өлүмдөн алып калган. Алтын колдуу хирургдун баяны
— Сиз медициналык билим алып жаткан кезиңизде атаңыздан кеңеш сурап кайрылчу белеңиз? Дегеле ал киши сизди операцияларына катыштырчу беле?
— Албетте, жогоруда айткандай, 4-курстан баштап атамдын иштеген жеринен практикадан өткөм. Мен операцияларга ассистент катары кирчүмүн. Бизге операция кылууга уруксат жок болчу. Бир жолу хирургум "сен операция кыл, анан кагазга мени жазып коёбуз" деди. Бул менин алгачкы операциям болчу, бирок анчалык ийгиликтүү болбой калган. Каталардан сабак алып, кийин ага жол бербегенге аракет кыласың. Баары жакшы эле болгон, бирок кичине катуураак бекитпей койгон экенмин. Анан бардык бейтаптар сакайып кетип, меники эле жатат. Жанынан чыкпай карап, күйпөлөктөп сарсанаа болдум. Акыры атама чынымды айтсам, клиникага колумдан жетелеп келип, бейтапты жараат таңуу бөлүмүнө алып кирди. Жанагы мен жакшы тартпай койгон жерин медициналык шайман менен акырын тартса, кичине кан уюп калган экен. Тазалап палатасына жөнөттүк. Андан кийин урушкан жок, болгону кайсы жерден ката кеткенин түшүндүрүп берди. Кийин окууну бүткөн соң Караколго барып иштеп калдым. Алгач эки айдай сынашты. Андан кийин ишенип, жалгыз нөөмөткө калтырып кете башташты. Ошентип Бишкекте көкүрөк хирургиясы бөлүмү ачылганда атам жанына чакыртып алды. Кийин жүрөккө да операция жасай баштап, өлкөдө жүрөккө операция жасаган биринчи аял хирург болуп калдым. Ушуга чейин эле жалгыз болчумун, азыр кардиохирургияда жүрөккө операция жасаган бир кыз иштей баштады. Азамат кыз экен.
Нелли Ахунбаева: атам абдан чынчыл, билимдүү, түз сүйлөп, түз жүргөн киши болчу. Бизден да ошону талап кылчу.
— "Эми Ахунбаевдин кызы болсо, атасы жардам берет да" деп сиздин кесипкөйлүгүңүздөн шек санагандар болду беле?
— Ооба, көп болду. Ал эмес күйөөм "сага атаң жардам берет да, ошол себептен тез көтөрүлүп жатасың" деп ишенбей жүрдү. Бир жолу жолдошумду клиникага чакырдым. Ага атайын кийимдерди кийгизип, операция жасалуучу бөлүмдүн төбөсүнөн карай турган айнекчеге отургузуп койдум. Ошол күнү богокко операция жасамакмын. Бул оор операциялардын бири. Бүткөндөн кийин жолдошум кечирим сурап "мен түшүндүм, баарын түшүндүм" деди (күлүп). Анан кандидаттык, докторлук диссертациямды кантип жазганымды көрдү. Мен күндүзү иштеп, түндө жазчумун. Аспирантурага барып окуган жокмун. Ал кезде эки кичинекей балам бар эле. Бара-бара жолдошум да, тегеректеги адамдар да өз күчүм менен ийгиликке жетише аларыма, колумдан чындап иш келерине ынанышты.
— Жакын адамыңдын атын атаганда кайсы бир окуя эске түшөт. Атаңыздын ысымын укканда алгач эмнени эстейсиз?
— Атам менен байланышкан окуялардын баары мага жылуу сезим тартуулайт. Ал кишинин операция жасаганына суктанчумун. Операцияны башынан аягына чейин өзү бүтүрчү. Акырында гана "тиге бергиле" деп койчу. Кан тамырларга операцияны абдан кылдаттык менен жасачу. Колдору чоң болгону менен назик, эптүү кыймылдачу. Хирургияда суктангыдай, өтө таза иштечү. Кээде операция убагында артериалдык же башка кан тамырларга доо кетип калса, кан укмуштай атат. Анда айрым хирургдар өзүн жоготуп алдастап калышы мүмкүн. Кээ бирлери кан тамырды шайман менен кыпчыта коюп Иса Коноевичке жүгүрүшчү. Андай учурда атам жуунуп отурбай эле колуна кол капты кие коюп эле канды токтотуп калчу. Ал кишинин дагы бир сапаты — жумушка абдан эрте келчү. Биз да 7де келип иштеп калчубуз. Келсек, Иса Коноевич отурган болот. Азыр айрым профессорлордун саат 10:00дө жумушка шашпай келе жатканын көрөсүң (күлүп).
Нелли Ахунбаева: кан тамырларга операцияны абдан кылдаттык менен жасачу. Колдору чоң болгону менен назик, эптүү кыймылдачу. Хирургияда суктангыдай, өтө таза иштечү.
— Ал киши үй-бүлөсүнө убакыт бөлө алчу беле? Мисалы, белгилүү хирург Эрнст Акрамов "хирург медицинага үйлөнүшү керек" деп айтты эле да...
— Ооба, эми ал киши ооруканада жашайт эмеспи. Иса Коноевич баарына жетишчү. Ал хирургияны сүйчү. "Хирургия — бул менин сүйүүм" деген жазмасы да бар. Ошол эле убакта аялын, балдарын да абдан жакшы көрчү. Баарыбызга татыктуу тарбия жана билим берүүгө жетишти. Атам хирургиядан башка Мединститутта директор, Илимдер академиясынын президенти болчу. Кээде баарына кантип жетишерине таң калчубуз. Иштеген жерлерин гүлдөтүүгө, көйгөйлөрүн чечүүгө да убакыт тапчу. Эртең менен, анан түштөн кийин сөзсүз клиникада болчу. Аны бейтаптар абдан жакшы көрөр эле. Бейтаптарга "обход" жасаганы да башкача, баары менен жылуу мамиледе, бирден ал-абалын сурап чыкчу.
Эсимде, атам Москвага командировкага кеткенде клиникадагылар өзүбүздү бош кармап, тынч, жай-баракат иштеп калат элек. Анан "Иса Коноевич келе жатат" дегенде баарыбыз тызылдап калчубуз, санитаркалар клиниканы жышып-кырып жууп чыгышчу. Иште ушундай таза, тартип болор эле. Кээде кызматкерлер жеке көйгөйлөрү менен да кайрылышчу. Аларды угуп, баарына жардам берчү. Ушундай уникалдуу адам эле. 67 жашында, эрте кетип калганына өкүнөм. Кыргыз медицинасына жана мекенге көп иштерди жасамак.
Нелли Ахунбаева: ал хирургияны сүйчү. Ошол эле убакта аялын, балдарын да абдан жакшы көрчү. Баарыбызга татыктуу тарбия жана билим берүүгө жетишти.
— Артында сиздей таланттуу уул-кыздары калды, ишин улантып жатасыздар. КРСУда окуткан студенттериңиз да сиз тууралуу абдан жакшы пикирде. Сизге сабак берген жагабы же хирургия көбүрөөк жакынбы?
— Экөө ажырагыс нерсе. Ушул кезге чейин хирург болуп иштеп жатам. Мен хирургиясыз жашай албайм. Азыр 84 жашка келдим. Ошондой эле жаш кезимден баштап сабак берип, лекция окуп баштадым. Кээде мага операция жасагандан да лекция окуган оор сезилет. Лекция окуганда аябай чарчайм. Ал эми операция жасап жатканда ошонун баарын унутуп калам. Бирок сабак бергенди, студенттеримди да жакшы көрөм. Алар да мени жакшы көрүшөт.
— Атаңыздын кайсы мүнөзү сизге өткөн?
— Эң биринчи эле чынчылдык, жасаган ишин аягына чейин чыгаруу жана эмгекчилдик сапаты бар. Эмгектенбесең эч нерсени аягына чыгара албайбыз.
Нелли Ахунбаева: кээде мага операция жасагандан да лекция окуган оор сезилет. Лекция окуганда аябай чарчайм. Ал эми операция жасап жатканда ошонун баарын унутуп калам.
— "Иса Коноевич жогорку кызматтагылардын да катасын бетине айтчу" деп угам...
— Ооба, ал киши бетке айткандан тартынчу эмес. Ошол себептен атамдын жашоосу жеңил болгон жок. Жашоосунун экинчи жарымында, баарына жетишкен убакта көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдү. Ал кезде Борбордук комитеттин мүчөсү, депутат катары жыйындарда чыгып сүйлөөгө туура келчү да. Ошол кезде туура эмес жагдайларды бетке айтып, баарын жашырбай түз ортого салчу. Бул кимге жакмак эле? Ошондуктан ал киши көп бут тосууларга дуушар болгон. Анын кесепети балдарына да тийбей койгон жок. Иса Коноевичтен кийин мен клиникада жалгыз профессор болчумун. Ошентсе да кафедра башчысын Москвадан алдырышты. Иса Ахунбаев каза болгондон кийин көпкө атын да бербей жүрүп, 2009-жылы гана Мединститутка ысымын ыйгарышты. Ал киши бул ийгиликтин баарына оңой эле жетишип кеткен жок. Дайыма жолунда көрө албастар болду. Өзгөчө Борбор Азияда биринчилерден болуп жүрөккө операция жасап баштаганда уюшкан бут тосуучулар тобу бийликтин бардык инстанцияларына арыздана башташты. Москвага чейин кат жазышкан. Ошентип биздин клиниканы Москвадан келген хирург, профессорлордон турган комиссия бир ай иликтеди. Анан "үй-бүлөлүк кланга жол берген" деп мен жөнүндө да арыз жазышкандыктан операцияларыма катышып текшеришти. Атам мага ассистент болоюн десе, каршы болушуп, эң жаш хирургду ассистент кылып коюшкан. Башында абдан толкунданып, анан баарын унутуп жакшы жасадым. Жалпылап айтканда, комиссия "биз Иса Ахунбаевдин ишмердүүлүгүнө, иштөө техникасына суктанабыз" деген жыйынтыктоочу сөзүн жазып кетишкен. Ошол көрө албастардын арызын атам каза болгондон кийин гана окудум. Ага чейин эч бирибизге карматчу эмес. Анткени абдан жийиркеничтүү, жагымсыз, калпка толгон кат экен. Текшерүү учурунда атам абдан токтоо, коллективди да күндөгү иш убагындай жүрүүгө үйрөткөн. Анткени өзү абдан чыдамкай, сабырдуу, күчтүү адам болчу.
Ошондой эле академиянын президентин шайлоодо да академиктин баары атамдын атын атап туруп алганда ар бирин бирден чакырып сүйлөшүп, айнытышкан.
Мен башында Медициналык институтта иштечүмүн, КРСУда сабак берип калдым. Ал жакта да атам экөөбүз чогуу иштеп, окумуштуулар кеңешинин жана партиянын жыйынына катышып калчубуз. Карасам, атам көзүн жумуп алып башын ылдый кылып уктап жаткандай отура берчү. Мен бери жактан сарсанаа болчумун. Эң акырында атама сөз берилчү. Баары атамдын сөзүн күтүшөт. Анан атам баятан бери айтылган сөздөрдүн бардыгын өз ордуна коюп чыкканда, маселе айдан ачык чечилип калчу. Анда да тарс-тарс бетке айтчу.
Эми атам тууралуу айта берсем сөз түгөнбөйт. Ал киши менин кумирим, устатым, мугалимим. Азыр да уктоочу бөлмөмдө атамдын сүрөтү илинип турат. Аны менен сүйлөшөм, кээде кеңеш сурайм. Түшүмө аз кирет, бирок келип кеңеш берип кетет. Ал мени коргоп жүргөн периштемдей. Кээде аян берет. Ошондо мен бир нерсе болгону жатканын сезем. Ал киши тууралуу оюм абдан бийик. Кызы болгонум үчүн эле эмес, анткени экөөбүз 15 жыл чогуу иштедик.
Нелли Ахунбаева: Ал киши менин кумирим, устатым, мугалимим. Түшүмө аз кирет, бирок келип кеңеш берип кетет. Ал мени коргоп жүргөн периштемдей. Кээде аян берет.
— Жумушта башкаларга караганда сизге катуу мамиле жасаган күндөрү болду беле?
— Ооба, ошондой болчу. Баарынан мага талапты катуу койчу. Бир жолу медик кыздар мага да помада сүйкөп коюшту. Анан аны унутуп бейтаптарды кыдырууга чыгып кетип калыпмын. Палаталарды кыдырып жүрсөк, атам мени улам эле карайт. Мен түшүнбөйм. Тышка чыкканда "күзгүнү карачы" деп урушту. Анан ошондон кийин такыр боёнгон жокмун.
Дагы бир жолу бирөөнү операция жасагам, анан ал сакайганда үйүнө чыгуусуна уруксат кагазын калтырып үйгө кеткем. Ал мени издеп таппай, башкы медайымга "Нелли Исаевнага" деп жашыл кутудагы атыр, креми менен косметика калтырып кетиптир. Аны медайым атамдын кабинетиндеги шкафка салып коёт. Иса Коноевич эртең менен келип эле баягыны көрүп, медайымдан сураса ал "Нелли Исаевнага белек таштап кеткен" дептир. Ошентип мени чакырып алып урушуп жатат, "папа, мен эчтеке билбейм" десем да болбойт. Анан "муну пара берүү дейт. Бейтап кетип калыптыр, эми кайрый албайсың. Азыр ал, экинчи мындай кайталанбасын" деген. Атам операциясы үчүн эч качан акча же белек алган эмес. Бул окуя да тарбия, сабак болгон.
Атам менин хирург катары өсүшүмө тыкыр көз салып турчу. Кийин ишенип кыйын операцияларды тапшыра баштады. Мага башкалардан операцияны аз берчү. Анан апама арызданып ыйлачумун. Шакирттери атам каза болгондон кийин көп иштерин уланта албай калдык. Ал ачкан айрым бөлүмдөрдү жаап коюшту. Колубуз жетпей калды. Жаш болчубуз, тааныштарыбыз деле жок. Атамдын кызыл өңгөч хирургиясы боюнча жазган илимий эмгектерин чогултуп, монография жазып, сынакка жиберсек баалашты. Ошол эмгеги үчүн өткөн жылы мамлекеттик сыйлык алдык.
Анан Иса Ахунбаев атындагы премиянын алгачкы лауреаты да мен болдум. Бир чети кызы катары бергендир, бирок өзүмдүн да эмгегим болгону үчүн сыймыктандым.
Эл агартууга өмүрүн арнап, атылган Базаркул Данияров. Асел Даниярованын маеги
Мар Байжиев: атамды алып кеткен КГБ аскерин кийин тааныдым, чогуу иштедик