БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында массалык башаламандык учурунда кармалган төрт кыргызстандык абактан кое берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта белгилегендей, Кыргызстандын Казакстандагы Башкы консулдугунун, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында коё берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен.
"Учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө жиберилген. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен Казакстандын аймагында каларын билдиришкен", — деп жазылган маалыматта.
Өз кезегинде бошотулган кыргызстандыктар санаа тарткан мекендештерге жана аларга көмөктөшкөн тиешелүү органдарга терең ыраазычылыгын билдиришкен.