Хабиб Нурмагомедов COVID жуктуруп, Сингапурдан чыга албай калды

Мелдеш көрүүгө барган Нурмагомедов мейманканадагы номеринде карантинге алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Asian MMA басылмасы жазды.
Нурмагомедов Сингапурга One Championship турнирин көрүүгө келген. Анын COVID-19га тапшырган тести оң жыйынтык көрсөткөндүктөн мейманканадагы номеринде карантинге алынган.
Спортчу ММА боюнча 29 беттешти утуп, бардыгын жеңип чыккан. Анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов 2020-жылы коронавирус инфекциясынын айынан өпкөсү жабыркап көз жумган.
Хабиб октагонго кайтабы? Менеджери Тони Фергюсонду таймашка чакырды