БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпионатында беш салмак боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти кабарлады.
Кармаш кечээ Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, 163 балбан катышты. Анда 61, 70 , 79, 92, 125 килограмм салмакта күрөшкөн спортчулар чыккан.
61 килограмм салмактагылар арасында алтын медалды Улукбек Жолдошбеков тагынды. Күмүштү Тайырбек Жумашбек уулу, коло медалды Тынчтык Абасбеков менен Азим Мамышев алган.
70 килограмм салмактан биринчи орунга Эрназар Акматалиев, экинчиге Орозбек Токтомамбетов, эки үчүнчү орунду Атай Мамалиев менен Адилет Жапаркулов ээлеген.
79 килограмм салмак категориясынан алтын байгеге Арсалан Будажапов, күмүш медалга Мухаммад Абдуллаев, коло байгеге Бекжан Жанбулов менен Адилет Маматалиев татыган.
Ал эми 92 килограмм салмакта биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарга Мирлан Чыныбеков, Каныбек Абдулхаиров, Исламбек Рыспеков, Мухаммедали Умурзаков ээ болду.
Ошондой эле 125 килограмм салмакта алтын, күмүш жана коло байгелерди Музафар Жаппуев, Бекболот Токтогонов, Арсланбек Турдубеков, Автандил Болотбек уулу тагынган.
Мелдештин биринчи күнүндө Алмаз Сманбеков (57 кг), Алибек Осмонов (65 кг), Исламбек Орозбеков (74 кг), Саякбай Усупов (86 кг) жана Арзуубек Карыбеков (97 кг) чемпион болгон.
Кыргызстандын чемпионатын утуп чыккан балбандарга эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерге катышууга жол ачылат.