Дүйнөдөгү укмуштуудай кооз тарыхый жайлар. 15 сүрөт

Historic Photographer of the Year 2021 сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүндө дүйнөдөгү тарыхый жайлардын мыкты сүрөттөрү сунушталат.
Sputnik
Калыстар тобу сүрөттөрдү тандап жатканда фотографтын чеберчилигинен тышкары андагы тарыхый жайлардын маанисине дагы көңүл бурушту. Сынакка кесипкөйлөрдөн тышкары жөн гана ышкыбоздор дагы катышкан.
1 / 15

"Тарыхый жайларды тарткан жылдын мыкты сүрөтчүсү" наамы Стив Лидьардга ыйгарылды. Ал Уэльстеги маякты "чырк" эттирген

2 / 15

"Тарыхый окуя болгон жай" категориясында Иэн МакКаллумдун эмгеги утуп алды

3 / 15

Клифтон асма көпүрөсү. Сэм Байндингдин бул эмгеги "Тарыхый Англия" категориясында биринчи орунду алды

4 / 15

Эндрю Маккарен аттуу сүрөтчүнүн бул эмгеги сынакта финалга чыкты

5 / 15

Мехмет Масум Суэрдин эмгегинде Түркиядагы Немрут тоосу тартылган. Ал "Тарыхый окуя болгон жай" категориясында мыктылардын бири болуп калды

6 / 15

Жулиан Эллиот бул сүрөттү Самарканд шаарында тарткан

7 / 15

Фотограф Скотт Антклифф Нортумберленддеги Бамборо сепилин өзгөчө ыкма менен сүрөткө тартып, сынактын финалына чейин жетти

8 / 15

Хиросимадагы "Атомдук купол" мемориалынын бул сүрөтү Уэйн Баджге тиешелүү

9 / 15

Элизабет Хак Орегондогу Кокиль дарыясындагы маякты сүрөткө тартып алып, сынакта финалга чейин жетти

10 / 15

Сэм Байндинг аттуу фотографтын эмгеги. Сүрөттө Англиядагы Корф сепили

11 / 15

"Тарыхый окуя болгон жай" категориясында финалга чыккан эмгектердин бири Грэм Харристин ушул кадры

12 / 15

"Аврора" крейсери сүрөтчү Эдвард Маккаванага сынакта ийгилик алып келди

13 / 15

Пестумдагы Гера храмы. Сүрөттү Альфредо Коррао тарткан

14 / 15

Адриан дубалы фотограф Кайли Блэрдин эмгегинде

15 / 15

Исландияда кулаган C-117D учагы. Сүрөтчү Евгений Самученко