Тетиктери чачырап кеткен. Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу

Кадрларда көрүнүп тургандай, Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа Айтматов проспектиси менен бара жатып, жол жээгиндеги бакка (же мамыга) урунган. Машинанын тетиктери чачырап, алдыңкы бөлүгү талкаланып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу менен сүрөттөрүн активист Болот Ибрагимов өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Кадрларда көрүнүп тургандай, Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа Айтматов проспектиси менен бара жатып, жол жээгиндеги бакка (же мамыга) урунган. Машинанын тетиктери чачырап, алдыңкы бөлүгү талкаланып кеткен.
Ибрагимовдун айтымында, айдоочу окуя болгон жерден качып кетиши мүмкүн. Кийин ал жерге барган жол инспекторлору дагы автоунаада жүргүнчүлөр дагы жок болуп чыкканын тастыкташты.
Кайгуул милициясы учурда кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди.
Бир жумада 12 миңден ашуун жол эрежеси бузулду. Рейддин жыйынтыгы