Коопсуздук үчүн. "Тазалык" жол тазалоочу атайын техника алууга камынууда

Атайын техника трассалардын жана жолдордун боюнда иштеген жумушчулардын ишин жеңилдетет. Автоунаа учурда сыноодон өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин "Тазалык" мамлекеттик ишканасы көчө шыпырган кызматкерлердин коопсуздугу үчүн атайын техника алууга камынып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ишкана алгач сыноо үчүн жолдорду тазалоого арналган KAMI үлгүсүндөгү жүк ташуучу электромобилден бирди алып көрөт.
1 / 2

Бишкектин "Тазалык" мамлекеттик ишканасы көчө шыпырган кызматкерлердин коопсуздугу үчүн атайын техника алууга камынып жатат.

2 / 2

Ишкана алгач сыноо үчүн жолдорду тазалоого арналган KAMI үлгүсүндөгү жүк ташуучу электромобилден бирди алып көрөт.

Атайын техника трассалардын жана жолдордун боюнда иштеген жумушчулардын коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт. Унаа бир иштегенде чоң аймакты тазалаганга жетишет.
Техниканын бул түрү Бишкектен куралат. Бишкек мэриясы тесттик сыноолордон кийин техниканы көп санда сатып алары белгиленет.
"Тазалык" ишканасы айдоочуларды жумушчулар иштеп жаткан аймактан этияттап өтүүнү суранды.
Буга чейин ишкана көчө шыпыргычтардын, жүк ташуучулардын жана айдоочулардын жарык чагылдырган атайын кызматтык кийимин жаңырткан.
Белгилей кетсек, узаган жылдын 12-декабрында 47 жаштагы, андан алты күн өткөндөн кийин 61 жаштагы киши көчө шыпырып иштеп жүргөн жеринен набыт болгон. Ал эми 4-январда "Тазалыктын" дагы бир 35 жаштагы кызматкери көз жумган. Үчөөнү тең автоунаа коюп кеткен.
Бишкек мэриясы БГУ менен Политехтин тосмолорун алып салды