Баткенде чек арада жашаган балдардын көбү аскердик лицейге өткөн. Сүрөт

Дайыр Асанов атындагы лицей жыл сайын 150 баланы окууга кабыл алат. 2021-2022-окуу жылында анын 57син Баткен облусунун чек арадагы айылдарынан барган жаш жигиттер түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде окуган баткендик курсанттар Баткен шаарындагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлады.
1 / 2

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде окуган баткендик курсанттар Баткен шаарындагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

2 / 2

Маалыматта белгилегендей, былтыр президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен Баткен облусунун чек ара аймагында жашаган 57 бала аталган лицейге окууга жөнөтүлгөн.

Маалыматта белгилегендей, былтыр президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен Баткен облусунун чек ара аймагында жашаган 57 бала аталган лицейге окууга жөнөтүлгөн. Дайыр Асанов атындагы лицей жыл сайын 150 баланы окууга кабыл алат.
"Курсанттар эс алууга чыккандыгына байланыштуу Баткен шаарындагы мектептердин окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү. Келечек ээлери окуучуларды мекенчилдикке жана патриоттуулукка чакырып, алардын кызыккан суроолоруна жооп беришти", — деп жазылган маалыматта.
Мындан сырткары, облус башчысынын аракети менен Баткен облусунун аймагынан 20 бала Кыргызстандын жана Россиянын жогорку аскер окуу жайларына өткөн.
Облус башчысы "Головной" жана заставалардагы аскерлерден кабар алды. Сүрөт