"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси жаңыланат. Жыйын жыйынтыгы

Комплекске зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн долбоордук сметаларды, архитектуралык чечимдерди жана сунуштарды жакынкы аралыкта иштеп чыгуу макулдашылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жаңылануу боло турганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 8

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жаңылануу боло турганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады

2 / 8

Билдирүүдө аталган комплексте ведомстволор аралык көчмө жыйын өткөнү айтылат.

3 / 8

Ага Маданият министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаменти, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Аламүдүн райондук администрациясы, "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.

4 / 8

Жыйынтыгында комплекске зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн долбоордук сметаларды, архитектуралык чечимдерди жана сунуштарды жакынкы аралыкта иштеп чыгуу макулдашылды.

5 / 8

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси

6 / 8

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси

7 / 8

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси

8 / 8

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси

Билдирүүдө аталган комплексте ведомстволор аралык көчмө жыйын өткөнү айтылат. Ага Маданият министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаменти, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Аламүдүн райондук администрациясы, "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.
"Көчмө жыйын "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагын жакшыртуу жана өнүктүрүү маселелерин жеринде чечүүгө арналып, комплекске баруучу жолдор, жол көрсөткүчтөрдү орнотуу, жашылдандыруу, инфраструктуралык оңдоолор жана аймагын кеңейтүү сындуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында комплекске зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн долбоордук сметаларды, архитектуралык чечимдерди жана сунуштарды жакынкы аралыкта иштеп чыгуу макулдашылды.
Айтматовдун мүрзөсүнүн үстүндөгү түндүктүн өз мааниси бар. Скульптор Ажиевдин маеги