БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагаларына үчтөн орун басар шайланды. Бир гана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин төрагасынын эки орун басары болмой болду.
Белгилей кетсек, VI чакырылышта тармактык комитеттин төрагаларынын экиден орун басары иштеген.
Азыркы чакырылыштын комитет жетекчилеринин орун басарларын шайлоо бюллетень менен добуш берүү аркылуу жабык өттү.
Жыйынтыгы төмөнкүдөй:
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Жусупбек Коргонбай уулу, Чыңгыз Ажыбаев жана Замирбек Мамасадыков;
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова жана Айбек Осмонов;
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Миргүл Темирбаева жана Жаныбек Кыдыкбаев;
Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымынын орун басарлыгына Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов жана Аида Исатбек кызы;
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Мирлан Самыйкожо, Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Эльдар Сулайманов;
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Айсара Абдибаева, Өмүрбек Бакиров, Дастан Бекешев;
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Русланбек Жакишев, Искендер Матраимов жана Бакыт Тентишев.