Садыр Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Токаев Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, телефондук сүйлөшүү кечээ, 13-январда, болгон.
"Анда Токаев Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашкан.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандан ЖККУнун тынчтык орнотуучулары чыгып кетти