Балдар ыры YouTube каналынан 10 млрд. ирет көрүлүп, рекорд койду

Ролик учурда видео сервистеги эң көп көрүлгөн контент болуп эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Baby Shark ("Кичинекей акула") аталышындагы популярдуу балдар ыры YouTube каналынан 10 миллиард ирет көрүлдү.
Клиптин англис тилиндеги версиясы популярдуу болуп, рекорд жаратууда.
Саат 12:00гө карата видео 10 миллиард 006 миллион 586 миң 172 көрүүчү топтогон.
Роликке 32 миллион лайк коюлган. Бул балдар контенти болгондуктан комментарий калтырчу жери өчүрүлгөн.
Клип 2020-жылдын ноябрь айында жети миллиард жолу көрүлүп, Луис Фонсинин рекорд жараткан Despacito клибин артта калтырды.
Илон Масктын байлыгы 300 млрд. доллардан ашып, Forbes рекордун дагы жаңылады