Унутчаактык менен инфекциялык оорулардын эмне байланышы бар? Жаңы иликтөө

Склероз — бул борбордук нерв системасынын оорусу. Анда маалыматтар сакталып, иштелип чыкчу нейрондорду коргоп туруучу кабыкчаларга доо кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Гарвард университетинин окумуштууларынын жаңы иликтөөсүнө караганда, унутчаактыкты шарттаган склероз илдети айрым учурда инфекциялык оорулардын кесепети болушу мүмкүн. Бул тууралуу Science журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Склероз — бул борбордук нерв системасынын оорусу. Анда маалыматтар сакталып, иштелип чыкчу нейрондорду коргоп туруучу кабыкчаларга доо кетип, бузулат.
Гарварддын окумуштуулары инфекциялык оорулар менен унутчаактыктын кандай байланышы бар экенин аныктоо үчүн АКШда бир нече жыл бою 10 миллиондон ашык кишини текшерип көрүшкөн. Алардын арасынан 955инен склероз оорусу табылган. Бул адамдар качандыр бир кезде вирустук инфекцияларга, анын ичинен герпес вирусуна чалдыкканы аныкталган.
"Герпес вирусун жуктурган адамдардын унутчаак болуп калуу тобокелдиги башкалардыкына салыштырмалуу 32 эсеге жогору болору билинди. Өкүнүчтүүсү — оору билинбей жүрө берип, 10 жылдан кийин гана ачыкталат", — деп айтылат макалада.
Дарыгерлер инфекциялык илдет жугузуп алган адамдарга өз саламаттыгына жакшылап көңүл буруп, туура дарыланууга чакырган.
Өзүн сүйбөй, сиркеси суу көтөрбөй калат. Анорексиянын алгачкы белгилери