Интернетке жаныбарлардын алдуусу болгон арстандын антилопага окшогон талаа жандыгын кандай жырткычтык менен олжологонун көрсөткөн видео тарады.
Ал Maasai Sightings YouTube каналына жайгаштырылган.
Окуя Түштүк Африкадагы жаратылыш парктарынын биринде болгон.
Бир далайга чейин кармашкан жаныбарлар сырткы коркунучка абай салбай, сүрдүккөн тейде бадалдын арасына чейин кирип кеткен.
Туристтердин видеосунан бир учурда алардын биринин арстандын ажалдуу тиштеринде жатканын көрүүгө болот. Жырткыч алгач Африка антилопасынын колтук жагына тиш салган, андан соң чандырын үзүп алган. Бул ирмемдерде жаныбар өлүмгө баш ийбей мүйүзү менен каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Кармаш бир топко созулган. Бир учурда ыңгайы келе түшкөндө арстан ыкчамдык менен дал тамактан алган. Турист аларды дал маңдайынан, бир нече метр аралыктан тарткандыктан арстандын энтигип оор дем алгандыгын, ал эми курмандык болгон жаныбардын көзү жайнап, эки жагын тиктеп, кырылдап жанталашып жатканын көрүүгө болот.
Тема боюнча: