Борбор Азия, НАТО, баалуулук. Лавровдун маалымат жыйынындагы урунтуу учурлар

Россиянын тышкы саясат ведомствосунун жетекчиси быйылкы маалымат жыйыны учурунда Батыш маселелеринен тышкары Борбор Азия жана Казакстан тууралуу кеп кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жыл сайын өтүүчү маалымат жыйынында эл аралык мамилелер, коопсуздук, Казакстандагы тынчтык орнотуу миссиясы жана Борбор Азиядагы абал сыяктуу маанилүү маселелерге токтолду.
Төмөндө маалымат жыйыны учурундагы олуттуу билдирүүлөрдү сунуштайбыз:
Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча так жооп күтөт жана абстракттуу, курулай талкууларга жол бербейт;
Батыш Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча талабын четке кагып койсо, тиешелүү чечим кабыл алабыз;
Борбор Азияда жана ЖККУга байланышы бар башка өлкөлөрдөгү абалды курчутууга кызыкдар болгондор көп;
Казакстандагы ЖККУнун тынчтык орнотуучу миссиянын ыкчамдыгы Батышты таң калтырды;
Казакстандагы операция үчүн Батыш тараптан дагы санкциялар болушу мүмкүн. Алардан баарын күтсө болот;
Миңдеген жылдардан бери ата-бабалардан келе жаткан баалуулуктарды Батыштын "жаңы этикасы" бузгусу келип турат. Бул өтө кооптуу;
АКШ Россиянын тегерегиндеги абалды атайын оор кылып көрсөтүүдө;
Американын Россиянын тегерегине аскердик плацдармдарды куруу ниети бар;
Европа биримдиги Россия менен кызматташуу механизмдерин жок кылып салганына өкүнөбүз.
Лавров АКШ коопсуздук кепилдигинен баш тартса РФтин жообу кандай болорун айтты
Лавров: сырткы күчтөр Борбор Азияны алсыратууга кызыкдар болуп турат