Лавров АКШ коопсуздук кепилдигинен баш тартса РФтин жообу кандай болорун айтты

2021-жылдын соңунда Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча келишиминин долбоорун жарыялаган. Анда бир нече талап коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча так жооп күтөт жана абстракттуу, курулай талкууларга жол бербейт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун маалымат жыйыны учурундагы айтканына таянып РИА Новости агенттиги жазды.
"Биздин талапты куру бекер талкуу менен бүтүрүү аракеттери болуп жатат. Бирок биз АКШ бийлигинен олуттуу жооп күтөбүз", — деди Лавров.
Ошондой эле ал Батыш Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча талабын четке кагып койсо, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен чечим кабыл аларын кошумчалады.
"Эгер андай болсо, президентке жеткиребиз. Андан соң өзүбүздүн коопсуздукту камсыздай турган багытта чечимдерди кабыл алабыз. Биздин жооп ар кандай болушу мүмкүн. Бул президентке аскердик адистердин берген кеңешинен көз каранды", — деди ал.

Коопсуздук келишими тууралуу

2021-жылдын соңунда Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча келишиминин долбоорун жарыялаган. Москва батыш өнөктөштөрүнөн НАТОну чыгышты көздөй кеңейтүүнү токтотуу, Украинаны уюмга кошпоо жана постсоветтик өлкөлөрдүн аймагында аскердик база ачпоо боюнча юридикалык кепилдик талап кылууда. Бул боюнча тараптар ар кандай жолугушууларды өткөрүп, бирок азырынча бир чечимге келе элек.
Лавров: пикир келишпестиктер көбөйүп, абал чыңалып бара жатат
Лавров ЖККУну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтты