Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

УКК Назарбаевдин иниси Самат Абиш кайда экенин айтты

43 жаштагы Самат Абиш Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалды Назарбаевдин баласы.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) ведомствонун жетекчисинин биринчи орун басары Самат Абиш кайда экени боюнча маалымат бергенин Sputnik Казакстан жазды.
УКК Абиш кызмат ордунда эле калганын белгилеген.
"Самат Абиш УККнын төрагасынын биринчи орун басары кызматындагы ишин улантууда. Ал 13-январдан тарта жыл сайын берилчү эмгек өргүүсүн алган", — деген УКК.
43 жаштагы Самат Абиш Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалды Назарбаевдин баласы. Абиш 2015-жылдан бери УКК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келет. Генерал-лейтенант наамы бар.
Эске салсак, 6-январда мамлекеттик чыккынчылык фактысы боюнча УККнын мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалган. Ал эми 13-январда тергөө амалдары башталганы кабарланды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин кызы Казакстандагы окуялар боюнча үн катты
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти