Министрлик мектептер онлайн-окууга кандай учурда өтөрүн түшүндүрдү

Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткен учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тиешелүү мекемелер менен бирге чечим кабыл алат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова учурда өлкөдөгү бардык мектептер кадимки тартипте иштеп жатканын айтып, кайсы учурда онлайн-окууга өтө турганын түшүндүрдү.
"Эгерде билим берүү уюмунда курч мүнөздөгү вирустук оорулардын бир учуру аныкталса, анда илдет катталган топ же класс карантинге жабылат. Эгер эки же андан көп учур болсо, билим берүү мекемеси 14 күнгө карантинге жабылат. Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткен учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан ар бир уюм боюнча биргелешкен чечим кабыл алынат", — деди Касымова.
Ал мектеп, бала бакчалар окуучулардын, мугалимдердин жана кызматкерлердин ден соолукта болушу үчүн коопсуздук жана гигиеналык шарттарды түзүп бериши керектигин кошумчалаган.
Министрлик: коронавирус менен көбүнчө жаштар ооруп жатат