Лавров ЖККУну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтты

ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри ЖККУну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу оюн билдиргенин РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

"Бизде ЖККУнун уставында баары жазылуу. Ким ага кошулууну кааласа, өтүнүч менен кайрылышы керек. Акыркы 1,5 жылда мамлекет башчылар уставга өзгөртүү киргизген жана уюмдун толук кандуу мүчөлөрүнөн тышкары өнөктөш жана байкоочу институттары түзүлөрү боюнча протоколго кол коюшкан", — деди Лавров.

ЖККУнун максаты — мүчө-өлкөлөрдүн аймактык-экономикалык мейкиндигин сырткы аскердик-саясий күчтөрдөн, террорчулардан коргоо жана табигый кырсыктар учурунда бири-бирине көмөк көрсөтүү. Аталган уюм ушул күнгө чейин бир дагы аскердик операцияга катышпаган жалгыз аскердик-саясий биримдик болуп саналат.
Радио
Медетбеков: Кыргызстан үчүн ЖККУнун мааниси чоң
Лавров: сырткы күчтөр Борбор Азияны алсыратууга кызыкдар болуп турат