200 сомдук акча өзүнөн 40 эсе кымбат сатылып жатат. Себеби эмнеде

Бул кагаз акча 2010-жылы чыгарылган улуттук валюта. Анын коллекционерлер баалаган артыкчылыгы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. "Мешок" деп аталган интернет-тоорукта 200 сом сатыкка коюлду. Ал 2010-жылдагы төртүнчү серияга туура келет.
Банкноттун баштапкы баасы — 6700 рубль (7 миң 620 сом). Ал 0000000 номеринде жана CA сериясына туура келет, бирок анда "Үлгү" деген мөөр басылган эмес.
Мурдараак Sputnik Кыргызстанга Улуттук банктан сериялык номери жети нөлдөн турган банкноттор көрсөтмө үчүн гана колдонулуп, жүгүртүүдө пайдаланылбай турганын айтышкан.
500 сомдук купюра өзүнөн 53 эсе кымбат сатылууда