Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргызстандык тынчтык орнотуучуларды чек арада кантип тосуп алышты. Видео

Казакстанга барган Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти кайтып келе жаткандагы видеону Коргоо министрлиги өзүнүн YouTube каналына жарыялады.
Sputnik
Чек арада тынчтык орнотуучуларды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов тосуп алды.
"Мындан тышкары, аскерлер дайым кызмат өтөгөн Токмок шаарында аларды тосуу аземине Россия менен Казакстандын аскердик атташелери катышты”, — деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып жатканы белгилүү болгон.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Рахмат! Мекенине Бишкек аркылуу жеткен казак жарандарынын ыраазычылыгы. Видео
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда