Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти

ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына кирген башка дагы мамлекеттердин жоокерлери үйлөрүнө кайтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. ЖККУнун тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында Казакстанга барган Кыргызстандын аскерлери бүгүн, 14-январда, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу келишти.
Жоокерлерди Канттагы авиабазадан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана башка жетекчилик кызматтагы адамдар тосуп алышты. Ташиев журналисттерге аскерлер толук курамда кайтып келгенин билдирди.
ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына кирген башка дагы мамлекеттердин жоокерлери үйлөрүнө кайтты.
Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып жатканы белгилүү болгон.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандан ЖККУнун тынчтык орнотуучулары чыгып кетти