"Кыргыз темир жолунун" мурдагы жетекчиси Дашков кайра үй камагына чыкты

Василий Дашковго карата козголгон иш сотко өткөнү кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков Биринчи май райондук сотунун токтому менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди.
"31-декабрь күнү айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. Ага ылайык, соттук териштирүүлөр соңуна чыкканга чейин Дашков үй камагында болот", — деп айтылат релизде.
Мындай чечим кабыл алууга эмне себеп болгону такталган эмес. Дашковго карата козголгон иш сотко өткөнү да кабарланды.
Василий Дашков "Кыргыз темир жолу" ишканасынан 1,1 миллиард сом чыгарып кеткен деп шектелип жатат. Өткөн жылы аны эки ирет кармашкан. Биринчисинде 18-май күнү колго түшүп, бирок чыгымдын ордун толтуруу талабы менен үй камагына чыгарылган. Кийин Дашковдун аталган мамлекеттик ишканадан 2021-жылдын январынан апрель айына чейин 490 миллион сом бюджеттик каражатты чыгарып кеткени боюнча дагы бир факт табылган. 2021-жылдын 8-июнунда Дашков кайра кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
1-июлда ал ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан "Бикард" деген жеке клиникага которулган. Бирок соцтармакка шектүү кишени жок, кайтаруусуз эле медборбордун аймагында жүргөн видеосу тараган. Бул окуядан кийин Дашков тергөө абагына кайтарылып, УКМК СИЗОсунун жетекчиси иштен алынган.
Жоомарт Оторбаевге өкүм чыгып, 300 миң сом айып салынды