Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандан ЖККУнун тынчтык орнотуучулары чыгып кетти

Маалыматта тажикстандык аскерлерди да Душанбеге Россиянын учактары жеткирери жазылган. Ал эми кыргызстандык тынчтык орнотуучулар Бишкекке өзүнүн күчү менен кайта турганы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлери 14-январда Казакстандан чыгып кеткенин РИА Новости кабарлады.
"ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына кирген Армениянын аскерлеринин жеке курамы жана техникасы Казакстандагы социалдык мааниге ээ жайларын кайтаруу милдетин аткарып бүттү. Алар жүктөрүн Россиянын аскер космостук күчтөрүнүн авиациялык аскер-транспорттук учактарына жүктөп, "Алматы" аба майданы аркылуу үйлөрүнө кетти", — деп айтылган.
Ал эми ушул эле күнү Беларусь аскерлерин жүктөгөн 10 учак Минскиге сапар алган.
"ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүндөгү Беларустун аскерлери Казакстандагы "Жетиген" аэродромунан Минскиге кайтты", — деп билдирди агенттик.
Маалыматта тажикстандык аскерлерди да Душанбеге Россиянын учактары жеткирери жазылган. Ал эми кыргызстандык тынчтык орнотуучулар Бишкекке өзүнүн күчү менен кайта турганы кабарланды.
Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып жатканы белгилүү болгон.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Казакстанда көз жумган эки кыргызстандыктын бири Алматыга коюлат