Биздин көптөгөн ишкерлер бизнесин Казакстан аркылуу же ушул өлкө менен байланышта жасашат. Андыктан кошуна мамлекеттеги саясий кырдаал кыргыз ишкерлигине да терс таасирин тийгизиши ыктымал, бирок көпчүлүк товарлардын болжолдуу бир айга жетчү запасы бар экен. Бул тууралуу Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы көйгөй транзиттик товар ташууда кездешти.
"Чынында Казакстан менен Кыргызстан ишкерлик чөйрөдө тыгыз байланышта. Өзгөчө ал жактан бизге көптөгөн продукциялар экспорттолуп, айрым Кытайдан келчү товарлар транзиттик жол менен өтөт. Ошого карабай азыр кошуна мамлекетте болуп жаткан кырдаал биздин бизнес климатка олуттуу таасирин тийгизе албайт. Анткени өлкөдө ал мамлекеттен алынып келчү товарлардын жетиштүү запасы бар экен. Андыктан учурда биздин ишкерлер олуттуу жабыр тартпайт деп ойлойм. Бирок өкмөт жүк ташуу менен алектенген ишкерлерге жана Казакстанда бизнес кылган биздин жарандарга жардам берсе болот. Анткени кошуна өлкөдөгү саясий абал учурунда интернет иштебегендиктен товар ташыган унаалар тиешелүү документтерин толтуруп, чек арадан өтө албай бир нече күн кармалып калышты", — деди Сыдыков.
Ошондой эле адис бизнес ассоциациялар ишкерлер менен байланышта болуп, кырдаалга көз салып туруу керектигин кошумчалады.