Ишембиге карата аба ырайы

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Ишемби, 15-январда, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жана республиканын башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, Талас жергесинде +11...+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө +3...+8 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында -3...-8 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында жана Ош калаасында +16...+18 градуска жетет.
Радио
Метеоролог Кыргызстанда жазга чейин аба ырайы кандай болорун айтты