Радио

Метеоролог Кыргызстанда жазга чейин аба ырайы кандай болорун айтты

Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси Асылбүбү Маткеримова алдыңкы эки суткада күн катуу жылып, аба ырайы күндүз +15ке, түнкүсүн +5 градуска чейин көтөрүлөрүн белгиледи.
Sputnik
Быйыл бийик тоолордогу кар норманын 40 пайызын, тоо этектеринде 20-30 пайызын гана түзүп жатат. Мындай көрсөткүч абдан эле аз. Бул тууралуу Асылбүбү Маткеримова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк тенденция болууда.
"Байкасаңыздар 2019-жылдан бери эле октябрь, ноябрь айлары адаттагыдан суугураак, ал эми декабрь, январь жылуу болууда. Мындай көрүнүш Жер шарынын түндүк бөлүгүндө катталып жатса, түштүк аймагында жайгашкан мамлекеттерде, кар жаабаган өлкөлөргө да кар жаап же өзгөчө суук болгонун көрүп жатабыз. Окумуштуулардын айтуусунда океандардын агымынын өзгөрүшү ушундай климаттык туруксуздуктарды жаратууда. Мындан ары дайыма ушундай аба ырайы күтүлөт же бир канча убакыттан соң калыбына келет деп айта албайбыз. Кийинки жылы эле кар көп жаап, кыш эрте түшүп калышы мүмкүн. Кыргызстанда декабрь, январь айларында жаан-чачын, кар нормадан аз жаады. Дыйканчылык аймактарда да, тоо этектеринде жана бийик тоолордо да ушундай кургак аба ырайы өкүм сүрүүдө. 14-15-январда күндүн ысышы күтүлөт. Тактап айтканда, күндүз 15 градуска чейин жетсе, түнкүсүн беш градуска чейин жылуу болот. Мындай аба ырайы алдыда кескин сууктун түшүшүн шарттайт. Башкача айтканда, 17-январдан 20сына чейин суук болуп, түнкүсүн дыйканчылык аймактарда аба беш градуска чейин муздайт. Январдын үчүнчү декадасы кайрадан эле нормадан жылуураак жана кургак болушу божомолдонууда", — деди Маткеримова.
Ал февраль жана марттын башында да кар нормага жете жаайт деген божомол бар экенин кошумчалады.