Депутаттар Конституция менен алек болуп жатып гербди кабыл алуу кечеңдеген. Ошондуктан туу менен гимн 1992-жылы, ал эми герб 1994-жылы кабыл алынган. Бул тууралуу Жамин Акималиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекеттик символдорду кабыл алуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн.
"Желек, гимн, герб — мамлекеттин символдору. Кыргыздар байыртадан буга көңүл бурушкан. Бала кезде аталарыбыз ар бир уруунун эн тамгасы, белгилери бар экендигин айтышчу. Эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы мартта желекти, ошол жылдын декабрында гимнди кабыл алдык. Гербди кабыл алуу кечеңдеп калды. Себеби Конституцияны иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлдү. Эки жылга чукул ошону менен алек болуп калдык. 1993-жылы 5-майда Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин гербди талкуулоого өттүк. Ошол учурда көптөгөн талаштар болуп, Кыргыз ССРинин гербин эле калтыралы деген сунуштар да болду. Чынында ал герб дагы мыкты жасалган. Учурда Кремлдин чоң сарайында 15 союздук республиканын герби сакталып турат. Ошолордун ичинен эң коозу, профессионалдуулук менен жасалганы Кыргыз СС0Ринин герби. Ошону бир аз өзгөртүп эле кабыл алалы дегендер да чыкты. Себеби ал убакта коммунисттер көп эле да. Бирок эгемендүү мамлекет катары өзүбүздүн белгибиз болсун деген пикирге келдик. Соңунда Асейин Абдраев деген сүрөтчүнүн тартканына токтолдук. Муну уюштурууга, сүрөтчүнү шыктандырууга ошол кездеги депутат Садырбек Дубанаевдин дагы эмгеги күч. Жалпы бештей эскиз Жогорку Кеңештин талкуусуна чыгып, дал ушул авторлордун эмгеги кабыл алынган", — деди Акималиев.
Ошондой эле ал мамлекеттик символикаларга аяр мамиле жасоо зарылдыгын кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз: