Өзгөчө программа даярдалууда. Бишкекте ойлоп табуучу балдардын күнү белгиленет

Иш-чарага өлкөнүн чар тарабынан 3 000ден ашык адам катышуусу күтүлүүдө. Кыргызпатент каалоочуларды онлайн жана оффлайн катышууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 17-январда ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү өзгөчө форматта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мекеме бул жылы майрам бир нече иш-чараны камтый турганын, каалоочулар ага онлайн жана оффлайн катыша аларын белгиледи.
"Программанын алкагында инженердик мектептин ачылышы болот. Мындан сырткары, "STEAM — билим берүү" менен FABLab санариптик лабораториясынын гравировка жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстары болот. Ошондой эле графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү сабагы жана балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулат", — деп жазылган маалыматта.
Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарынын, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери менен окуучулары катышат. Жалпысынан 3 000ден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.
Иш-чара 17-январь күнү саат 11:00дө Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун базасында өткөрүлөт. Ал Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары, 58а дарегинде жайгашкан. Кошумча суроолорду (0312) 68-04-71, (0700) 84-83-29, (0770) 98-98-08 жана (0553) 18-81-93 номерлери аркылуу билүүгө болот.
Окуучулардын "Манас Ордого" экскурсиясын ким каржылайт? Байсаловдун жообу