2022-жылы кайсы кесиптер популярдуу болот. Изилдөө

Изилдөөгө беш миңден ашуун адам катышып, кайсы кесип ээлерине суроо-талап күч болорун айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. IT-адистиги 2022-жылы эң келечектүү кесип катары калат. Мындай жыйынтыкка "Работа.ру" сервиси изилдөө жүргүзгөндөн кийин келгенин РИА Новости жазды.
Маалыматтык технология жаатындагы адистикти сурамжылоого катышкандардын 60 пайызы белгилеген. Ошондой эле 56 пайызы дарыгерликти, 44 пайызы нанотехнологду тандаган.
Мындан сырткары, изилдөөгө катышкандардын 43 пайызы вирусолог да көп талап кылынган кесип бойдон каларын айтышкан.
Бул жылы соода-сатык жаатындагы менеджерлер (39 пайыз), инженерлер (33 пайыз), куруучулар (27 пайыз), HR-адистери (18 пайыз), инфекционисттер (15 пайыз, медайымдар жана медагалар (10 пайыз) ишинен баар табары аныкталган.
Изилдөөгө сервистин Россиянын бардык аймагындагы беш миңден ашуун колдонуучусу катышканы айтылды.
Россияда кайсы кесипти аркалаган жаштар эң көп маяна алары аныкталды