Жума күнгө карата аба ырайы

14-январга республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13, Таласта +6…+11, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, Нарын чөлкөмүндө -5…-10 градус болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында +10…+12 градусту көрсөтөт.
Жаанчыл болобу? Дем алышка карата аба ырайы