Аюулардын "үлпөт тою", сейилге чыккан көпөлөк... Жаратылыштын укмуштуу 18 сүрөтү

Nature Photographer of the Year 2021 эл аралык сынагынын уюштуруучулары жеңүүчүлөрдү аныктады. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн жаратылышты тарткан сүрөтчүлөрдүн мыкты эмгектерин көрүңүздөр.
Sputnik
Сынакка кесипкөйлөрдөн тышкары жөн гана ышкыбоздор дагы катышкан. Жеңүүчү 3 миң евро сыйлыкка ээ болду.
1 / 18

"Жаратылышты тарткан жылдын мыкты сүрөтчүсү" наамы Терье Коласка ыйгарылды. Ал жылуу жакка учуп бара жаткан каздарды дрон менен тартып аган.

2 / 18

Фотограф Уильям Беррард-Лукас "Жаныбарлардын портрети" номинациясында мыкты деп аталды. Ал Кенияны байырлаган сейрек кездешүүчү кара кабыланды тартып алган.

3 / 18

"Куштар" категориясында Томаш Шпиланын "Төө куштар бала бакчасы" аттуу эмгеги жеңишке жетти.

4 / 18

"Суу жандыктары" номинациясы боюнча Георг Нистин эмгеги калыстар тобун кайдыгер калтырган жок.

5 / 18

"Башка жаныбарлар" категориясында Рубен Перез Новонун "Фенхель арасындагы сейилдөө" сүрөтү жеңүүчү болду. Сүрөттө дүйнөдөгү эң кооз көпөлөктөрдүн бири Махаондун канат байлай элек кези.

6 / 18

"Жаратылыш искусствосу" категориясында Георге Поптун "Муздан жасалган мончок" сүрөтү эч кимди алдына салган жок.

7 / 18

"Мыкты жаш сүрөтчү" номинациясында 17 жаштагы Уэйн Лай жеңүүчү болду.

8 / 18

Ошол эле Уэйн Лайга тиешелүү дагы бир эмгек "Ак-кара түстөгү сүрөт" категориясында алдыга чыкты.

9 / 18

Денис Будковдун "Ажыдаардын уясы" эмгеги "Пейзаж" категориясында биринчи орунду ээледи.

10 / 18

Ушул эле "Пейзаж" категориясында Станислао Базилеонун эмгегине жогору баа берилди.

11 / 18

Конго Республикасында тартылган горилланын бул сүрөтү автор Йозефо Фридхуберге "Сүт эмүүчүлөр" категориясында жеңиш тартуулады.

12 / 18

Андиус Тейджелер аттуу сүрөтчүнүн "Көпүрөдөгү түлкү" эмгеги "Нидерланддын жаратылышы" категориясында мыктылардын катарына кошулду.

13 / 18

Ройе Галицдин "Акыркы кучакташуу" сүрөтү "Жаныбарлардын портрети" категориясында экинчи орунга татыды.

14 / 18

Ошол эле Ройе Галицтин "Аппак үлпөт той" эмгеги "жалгыз түстүү" сүрөт катары жогору бааланды.

15 / 18

"Өсүмдүктөр жана козу карындар" категориясында Аудун Рикардсендин сүрөтү экинчи орунга илинди.

16 / 18

"Өсүмдүктөр жана козу карындар" категориясында биринчи орунду Руперт Коглердин "Шүүдүрүм" сүрөтү камсыз кылды.

17 / 18

"Адам жана жаратылыш" категориясында жеңүүчү деп Хавьер Мурсиянын "Океандын падышасы" эмгеги табылды.

18 / 18

Ал эми Фотограф Леа Ли Иноуэнин суурлар тууралуу эмгеги Фред Хазельхофф атындагы сыйлыкка татыды.