Кеминден жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. УКМКнын видеосу

Азыркы тапта жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Чүй облусундагы Кемин районунун аймагынан белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 × 15,6 мм R үлгүсүндөгү ондогон ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.
"Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендиги жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
УКМК куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш экенин эскертет. Ал эми мындай каражаттарды укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшыргандар жоопкерчиликтен бошотулат.
"Манаста" уурдалган түркиялык ишкер: УКМК дагы эки адамга издөө жарыялады. Сүрөт