БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россияда өспүрүмдөр үчүн даярдалган коронавируска каршы вакцинаны кийинки жумадан тарта колдоно баштайт. Бул тууралуу РИА Новостиге Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург билдирди.
"Биз жана Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөл жүргүзүүгө абдан олуттуу мамиле жасайбыз. Вакцинаны эки эмес, бир нече структура көзөмөлдөн өткөрүүдө. Кийинки жумада колдонууга чыгат деп күтүп жатабыз", — деген Гинцбург.
2021-жылы октябрда Россияда коронавируска каршы балдар үчүн "Спутник М" вакцинасы чыгарыла турганы белгилүү болгон. "М" деген тамга "для маленьких" (кичинекейлер үчүн) деген түшүнүктү берери айтылган. Октябрда аны 12-17 жаштагы өспүрүмдөргө колдонууга уруксат берилген.