БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ош облусунда бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Асылбек Мукуев
© Фото / пресс-служба УВД Ошской области
Асылбек Мукуев Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылындагы үйүнөн 6-январь күнү болжол менен саат 9:00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык, чачын ак баскан. Үстүндө кара түстөгү кийимдер болгон.
Милиция аны көргөн-билгендер болсо (03232) 5-31-81, (03232) 5-81-28, 0558 82 48 80, 0707 33 43 23, 0551 00 55 11 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.