БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Түркиянын борбор калаасы Анкаранын көчөлөрүндөгү жарнамалык LED-экрандардан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Караколдо лыжа тээп жүргөн видеоролиги көрсөтүлүп жатат.
Ал учурдун видеосун тартып алып, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Twitter каналына жарыялаган.
Анда Жапаровдун видеосу Анкаранын борбордук району Этимесгутта сегиз LED-экрандан көрсөтүлүп жатканы айтылган.
"Кышкы туризм дүйнөсүнө бир сүңгүп кетиш үчүн Кыргызстанга чакырабыз", — деп айтылган роликте.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жарнамалык сапаттуу роликтер Кыргызстандын тоо туризмин алдыга жылдыруу үчүн тартылганын билдирди.
"Бул роликтер 6-7, тагыраагы, англис, немец, түрк, араб, кытай жана орус тилдерине которулду", — деп билдирген ал.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров январдын башында "Каракол" базасында лыжа тээп, Кыргызстандагы кышкы туризмди жарнамалап, өлкөгө келип эс алып кетүүгө башкаларды чакырган эле.