Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Өнүктүрүү банкы ачылат

Банктын ачылышы 2026-жылга чейинки улуттук программада көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстанда маанилүү экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн Өнүктүрүү банкы ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын иш планында жазылган.
Маалыматта ири долбоорлорду колдоо үчүн Өзбек-Кыргыз жана Венгрия-Кыргыз фондулары ачылганы белгиленген.
Мындан тышкары, бизнести колдоо үчүн жеңилдетилген кредит берген "Өнүктүрүү үчүн капитал" деген мамлекеттик программа иштелип чыгат.
Өкмөт: Кыргызстанда 2022-жылы айлык, пенсия жана жөлөк пул көбөйөт