Өкмөт: Кыргызстанда 2022-жылы айлык, пенсия жана жөлөк пул көбөйөт

2022-жылы Кыргызстандын экономикалык өсүшү 6,5 пайызды түзөт деп болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстандын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн аткарыла турган иштердин планын бекитти. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Анда бюджеттик сферада иштеген кызматкерлердин айлыгын жана пенсия менен жөлөк пулду көтөрүү маселеси камтылган.
"2022-жылы бюджеттик сферада иштеген кызматкерлердин айлыгын 50 пайызга, андан кийин жыл сайын 20 пайызга көбөйтүү пландалууда. Пенсия менен жөлөк пул дагы 50 пайызга жогорулайт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 2022-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүш 6,5 пайызды түзөт деп болжолдонууда.
Бейшеналиев медиктердин айлыгын бир шарт менен 1 000 долларга жеткирерин айтты