Учурда өлкөдө вирустук ооруларга кабылгандардын кескин көбөйүп кетүүсүнүн эки себеби бар. Биринчиси, коронавирус менен бирге кадимки сасык тумоо да жүрүүдө. Экинчиден, декабрь айында социалдык байланыштар абдан көп болуп, эл Жаңы жылды кызуу майрамдап, корпоративдер өткөрүлдү. Бул тууралуу Айгүл Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коронавирустун штаммдарын изилдөө абдан түйшүктүү жумуш.
"Азыр өлкөдө декабрга салыштырмалуу чынында коронавируска кабылгандардын саны өстү. Негизги себеби жаңы жыл астында эл активдүү болуп жолугушуулар, чогулуулар көп болду. Бирок ооругандын баары коронавируска кабылды деп айтуу туура эмес. Кадимки сасык тумоо да жүрүп жаткан кези. Ал эми "омикрон" штаммы тууралуу айта турган болсок, дүйнөлүк изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, коронавирустун бул штаммы "дельтага" салыштырмалуу беш эсе жугуштуу келет. Бирок башка штаммдардан айырмасы жеңилирээк өтөт. Ошондой болгон күндө да кайдыгерлик кылбай дарыгерлерге кайрылып, туура дарылануу маанилүү", — деди Жумаканова.
Дарыгер вирустун кайсы түрү болбосун өздүк гигиенаны сактоо оорунун алдын алуучу негизги фактор экенин кошумчалады.