Радио

Мукашев: айыл чарбада кластерди өнүктүрүүгө 9 млрд. сом бөлүнөт

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев айыл чарба багытында кластердик өнүктүрүү системасынын саясаты иштелип чыкканын айтты.
Sputnik
Айыл чарба багытында кластердик система менен иш алып баруу боюнча иштер 2021-жылы башталган. Учурда анын саясаты иштелип чыгып, бөлүнүүчү каражаттын суммасы да такталды. Буюрса кластердик өнүктүрүүгө 9 миллиард сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Азамат Мукашев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кластердик система бул кооператив эмес. Мында өндүрүүчүлөр жана өкмөттүн тиешелүү органдары биргеликте иш алып барышат.
"Айыл чарба багытында кластердик система бизге жаңыдан кирип жатат. Көпчүлүк муну кооператив менен алмаштырып алышат экен. Жок, кластердик өнүктүрүү дегенде өкмөттүн тиешелүү органдары, ошол эле Айыл чарба, экспорт маселеси болгон үчүн Тышкы иштер жана Финансы министрликтери, мамлекеттик банктар жана башка тиешелүү мекемелер менен өндүрүүчүлөр биригип чогуу иш алып барышат. Учурда анын иштөө саясаты толугу менен иштелип чыкты. Өлкөдө азырынча эт, сүт, жашылча-жемиш, кант кызылчасы жана башка болуп эң негизги тогуз азык боюнча кластердик өнүгүү аракеттери жүрүп жатат. Эт жана сүт багытында кластерлер түзүлүп калды. Аталган системаны ишке ашырыш үчүн мамлекеттик бюджеттен 9 миллиард сом бөлүнөт", — деди Мукашев.
Ошондой эле аткаминер кластердик системаны ишке ашыруу аркылуу 2024-жылы Кыргызстан айыл чарба продукциясы менен өзүн-өзү 80 пайыз камсыздап кыла турганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: