БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Казакстанга барган Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти эртең, 14-январда, кайтып келет. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
Аскерлер эртең түшкө маал келет.
Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып жатканы белгилүү болгон.